Марс планетасын изилдөөдө мини тик учакты колдонууну пландап жатат

Эгер бул ой ишке ашса АКШ учуучу аппараттарды башка планетада сынаган алгачкы мамлекет болуп калат.
Sputnik

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. НАСА 2021-жылга пландалган изилдөө иштеринде Марс планетасында мини тик учакты колдонууну пландап жатат. Бул тууралуу НАСАнын сайтында маалымдалды.

Мекеменин директору Жим Брайденстайндын айтымында, мындай тик учак изилдөөлөргө эбегейсиз жардам берет.

Марс планетасынын панорамалык видеосу жарыяланды
1,8 килограммдык тик учак Марстын атмосферасында мүнөтүнө үч миң жолу айлана алат. Бул Жер планетасынын шартына салыштырмалуу 10 эсе көп.

Окумуштуулар мини тик учакты төрт жыл сынап жатып жасаган. Эгер бул ой ишке ашса АКШ учуучу аппараттарды башка планетада сынаган алгачкы мамлекет болуп калат.