Рафаэль Физиев менен Антонина Шевченко UFC уюмуна бет алды

Мушкерлердин кармашы жай айына белгиленген. Анда Физиев 70 килограмм салмак ченинде күч сынашса, Шевченко 57 килограмм категориясында октагонго чыгат.
Sputnik

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар Рафаэль Физиев менен Антонина Шевченко UFC мушкерлер уюмунда алгачкы беттешин өткөрөт. Бул туурасында MMA-Today жана MMAFighting порталдары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, спортчулар "Дана Уайттын талапкерлери" (Dana White"s Contender Series) аталышындагы мелдешке катышат. Турнирде мыкты кармаш көрсөткөндөр UFC уюмунда ат салышат алат.

Жээнбековго тике караган Тамбе, чырайлуу мушкер Барчынай. WEF жыйынынан ирмем
Мушкерлердин кармашы жай айына белгиленген. Анда Физиев 70 килограмм салмак ченинде күч сынашса, Шевченко 57 килограмм категориясында октагонго чыгат.

Рафаэль Физиев — тайбокстун IFMA версиясы боюнча Кыргызстандын жана Азиянын бир нече жолку чемпиону. Спортчулардын рейтингин аныктаган дүйнөлүк Shepdog порталынын маалыматы боюнча аралаш мушташ боюнча беш профессионалдуу беттештин жеңүүчүсү.

Былтыр февраль айында кыргызстандык спортчунун кармаш учурунда "Матрица" тасмасындагы Нео сымал соккудан боюн ала качкан ролиги социалдык тармакта аябай популярдуу болгон. Бирок Физиевдин спорттогу каймана аты — "Атаман".

Антонина Шевченко дагы тайбокс боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону. ММА боюнча беш профессионалдуу беттештин жеңүүчүсү.