Мирзахмедов: Кыргызстанда уулуу калдыктар маселеси курч турат

Евробиримдиктин делегация мүчөлөрү Майлуу-Суу аймагында жайгашкан мурда уран өндүрүлгөн объектилерди кыдырып көрмөкчү.
Sputnik

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Көрүлүп жаткан чараларга карабастан Кыргызстанда, жалпылап алганда Борбор Азияда улуу калдыктар маселеси курч бойдон калууда. Бул туурасында ӨКМ жетекчиси Нурболот Мирзахмедов Евробиримдиктин Мишель Риваси баштаган депутаттар делегациясы менен жолугуп жатып айтты.

Бүгүн Ош калаасында Мирзахмедов Евробиримдиктин Европа парламентинин өкүлү Мишель Риваси баштап келген депутаттардын тобу менен жолукту.

"Колдо болгон күч-аракетти көргөнүбүз менен Борбор Азияда, анын ичинен Кыргызстанда Майлуу-Суу, Миң-Куш, Шекафтар аймагында уулуу калдыктар жана тоо тектери көйгөйлүү аймактардан болуп кала берүүдө. Бул жерлердеги объектилерде рекультивациялык иштерди жасоо зарыл", — деген Мирзахмедов.

Европа өнүктүрүү банкы уран калдыктары сакталган жерлерди жакшыртууга жардамдашат
Жолугушууда эки тарап аталган жаатта мындан ары да кызматташуу жагдайларын талкуулады.

Андан ары делегация мүчөлөрү Майлуу-Суу аймагында жайгашкан мурда уран өндүрүлгөн объектилерди кыдырып көрмөкчү. Учурда ӨКМ ал жерлерде айлана чөйрөнү кароодон өткөрүп, техникалык экономикалык негиздемелерди түзүү иштерин жүргүзүп жатат.

Кыргызстандын аймагында тоо-кен өндүрүшүнөн чыккан уулуу калдыктар сакталган 92 объекти жайгашкан.