Таиланддагы сулуулук сынагына кыргызстандык кыз катышат. Сүрөт

Баш байге үчүн дүйнөнүн 60 мамлекетинен келген бийкеч ат салышат.
Sputnik

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кыргызстандык Чолпон Мамбетова Таиландда өтө турган Miss Tourism Quenn International – 2018 эл аралык сулуулук конкурсуна өлкө атынан катышат. Бул тууралуу модель агенттиктеринин биринин директору Алтынай Исманкулова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, конкурс 9-майда Районг провинциясында башталып, финалы 17-майда Бангкок шаарында болот.

1 / 3
Кыргызстандык Чолпон Мамбетова Таиландда өтө турган Miss Tourism Quenn International – 2018 эл аралык сулуулук конкурсуна өлкө атынан катышат.
2 / 3
Конкурс 9-майда Районг провинциясында башталып, финалы 17-майда Бангкок шаарында болот.
3 / 3
Баш байге үчүн дүйнөнүн 60 мамлекетинен келген бийкеч ат салышат

Эмнеден жазганымды билбейм. "Дүйнөнүн сулуу айымы" Сания Шакирова менен маек
Баш байге үчүн дүйнөнүн 60 мамлекетинен келген бийкеч ат салышат. Эң мыкты болгон кызга таажыдан тышкары акчалай да сыйлык ыйгарылат.

Кыргызстан бул конкурска 2013-жылдан тарта катышып келет. Буга чейин бул мелдешке Кыргызстандын атынан Айжамал Осмонова катышкан.

Мамбетова буга дейре Miss Tourism International – 2016 эл аралык сынагында өлкө намысын коргогон.