Саясий куугунтуктоо, Атамбаев жана Жээнбеков туурасында. Исаковдун видеосу

Кыргыз өкмөтүнүн мурдагы жетекчиси Сапар Исаков дүйшөмбү күнү Улуттук коопсуздук комитетине суракка экинчи ирет чакырылды
Sputnik

Эшиктин алдында аны күтүп турган журналисттер эмнеге келгендигин сураганда Исаков өзү да себебин билбей тургандыгын айтты.

Исаков буга чейин 26-апрелде Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча УКМКга суракка барган.

Бул сапар УКМКга кирип кетээр алдында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин командасы таза иштеди деген пикирин айткан.

ТВЕА компаниясын ким тандаган? ТЭЦ тууралуу жаңы фактылар ачыкталды
"Анын командасында азыркы президент Жээнбеков да болгон. Ал киши Алмазбек Шаршенович (Атамбаев — ред. ) түз жүрүп, коррупцияга аралашпай, ал тургай коррупцияга каршы өзү күрөшүп баштаган. Азыр болуп жаткан окуялар жакшылыкка алып келбейт. Тергөө иштерине саясатчылар аралашпашы керек. Парламенттеги депутаттар өзүнүн ишин аткарып, тергөөчүлөр өз ишин кылышы керек. Бул эми менин жеке пикирим", — деди мурдагы премьер-министр.

Исаковдун айтымында, ТЭЦ чыры боюнча бардык фамилиялар аталышы керек, ушу тапта баары толук айтылбай жатат.

"Эгерде депутаттар ошончолук эле адилеттүү болобуз дешсе, анда баарын айтышсын. Билдирүүмдө мен алардын фамилияларынын баарын атадым. Элди башын айландырып жатышат. Мисалга алсак, ТЭЦтеги авария эски бөлүгүндө болгон, ал эми модернизацияланган объектиде эч кандай окуя болгон эмес. Ал жакшынакай эле иштеп жатат. Муну ачык айтуу керек", — деди Исаков.

Ал ТЭЦтин модернизациясы боюнча эл аралык институттар менен компанияларды чакырып, аудит жасатуу керек деген пикирин билдирди.

Буга чейин Исаков ТЭЦти модернизациялоого тийиштиги бар бардык жетекчилерди — учурунда премьер болгон Сооронбай Жээнбеков менен экс-төрага Асылбек Жээнбековдун да жоопкерчилигин кароону сунуштаган.