БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматов кызматынан кетти. Бул туурасында өкмөттөн билдиришти.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кол койгону маалымдалды.
Кулматовдун өзүнөн комменатарий алууга мүмкүн болгон жок. Бул кызматка ал 2017-жылдын декабрында Сапар Исаков премьер-министр болуп турганда дайындалган.
Эске салсак, буга чейин Кулматов УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына суракка чакырылган болчу. Бирок анын себеби айтылган эмес.
Кийинчерээк УКМК кызматкерлерине мектеп куруу үчүн TBEA компаниясынан алынган грант боюнча көрсөтмө берип чыкканын билдирген. Кулматов ошол учурда Бишкектин мэри болуп турган.