Исаков бүгүн камалабы? Мурдагы премьердин жообу

Исаков түштөн кийин кайрадан УКМКга чакырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков аны бүгүн камап коюуга негиз жок экенин айтты. Белгилей кетсек, журналисттер Исаковго "сизди бүгүн кармап кетүүлөрү мүмкүнбү" деп суроо узатышкан.

Исаков суроого жооп берип жатып, аны билбей турганын айтты.

"Бирок кармоого негиз жок", — деди ал.

Бүгүн эртең менен Исаков экинчи жолу УКМКга суракка чакырылган. Түштөн кийин да УКМКда сурак берет.

Исаков биринчи жолу 26-апрелде УКМКга "Бишкек ТЭЦин модернизациялоо" долбоорунун алкагында козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары чакырылган.