Өлкө боюнча мыкты инновациялык долбоорлорго сынак жарыяланды

Конкурска перспективтүү долбоорлорду иштеп чыккан жеке жана юридикалык тараптар катыша алат.
Sputnik

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кыргызстанда мыкты инновациялык долбоорлорго сынак жарыяланды. Бул тууралуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынан (Кыргызпатент) билдиришти.

ЕАЭБ санариптик долбоорлорду иштеп чыгууга сынак жарыялады
Сынак айыл чарба, кайра иштетүү, энергетика, курулуш, өнөр жай, маалыматтык жана санариптик технология багыттары боюнча өткөрүлөт. Ага аталган тармактар боюнча иш алып барып, перспективдүү долбоорлорду иштеп чыккан жеке жана юридикалык жактар катыша алат.

Каалоочулар өтүнмөлөрүн Кыргызпатентке 1-июнга чейин жиберүүсү керек.