Бишкекте мэр Ибраимовдун отставкасы талап кылынууда

50гө жакын киши Бишкек мэриясынын имаратынын алдына митингге чыгышты.
Sputnik

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. "Жашылдар" партиясы менен "Дем ала албай калдык" коомдук кыймылы бир катар талаптары менен митингге чыкканын кыймылдын башчысы менен партия лидери Эркин Булекбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

1 / 4
"Жашылдар" партиясы менен "Дем ала албай калдык" коомдук кыймылы бир катар талаптары менен митингге чыкты
2 / 4
Митингге чыккандар мэр Албек Ибраимов менен вице-мэр Бакыт Дүшембиевдин отставкасын талып кылышты.
3 / 4
Ошондой эле шаар башчысы эл тарабынан шайланышы керектигин айтышты.
4 / 4
Андан сырткары, Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынан мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү талабын коюшту.

Митингге чыккандар мэр Албек Ибраимов менен вице-мэр Бакыт Дүшембиевдин отставкасын талып кылышты. Ошондой эле шаар башчысы эл тарабынан шайланышы керектигин айтышты.

Бишкек мэри кайсы учурда отставкага кетет. 10 себеп
Андан сырткары, Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынан мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү талабын коюшту.

Булекбаев өз сөзүндө мэрия шаарды жакшыртуу багытында насыя жана грант катары алынган 22 миллион евронун сарпталышы боюнча отчет берүүнү талап кылышты.

Мэриянын алдына чыккан 50дөй киши учурда Ак үй менен өкмөт үйүн көздөй басышты.

Белгилей кетсек, буга чейин шаардык кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясы Албек Ибраимовдун отставкасын талап кылган.