WEF Global: кыздардын алгачкы беттешине чыккан Барчынай жеңишке жетти

WEF уюмунун Global лигасында кыздар биринчи жолу кармашты.
Sputnik

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Барчынай Узгенбаева WEF Global 12 турниринин алкагында жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Ушул тапта борбордогу Кожомкул атындагы спорт сарайында кулатуу эр таймаш боюнча WEF Global 12 турнири өтүп жатат.

Мушкер Барчынай: кыздар менен чабышканды спортко келгенде токтоттум
Мелдеште Узгенбаева 61 килограмм салмакта өзбек мушкери Шахида Рахимова менен беттешип, экинчи раундда колду кайруу ыкмасы менен утту.

Белгилей кетсек, бул WEF уюмунун Global лигасында кыздардын биринчи кармашы.

Барчынай Узгенбаева — грэпплинг боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, Панкратион боюнча КРдин чемпиону. ММА боюнча бир беттештин жеңүүчүсү. Тарбияланган клубу — Fighter KG, машыктыруучусу Кенжебек Чекиров. Каймана аты — Багира. 22 жашта.