Уят эмеспи! "Ала-Тоо" аянтынан 350 гүлдү жулуп кеткен сүрөттөр

"Ала-Тоо" аянтына агератум, сальвия жана тагетис гүлдөрү отургузулган.
Sputnik

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтынан жалпысынан алганда, 350 гүлдү белгисиз бирөөлөр жулуп, үзүп кеткен. Бул туурасында "Тазалык" ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева билдирди.

1 / 3
Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтынан жалпысынан алганда, 350 гүлдү белгисиз бирөөлөр жулуп, үзүп кеткен
2 / 3
Гүлдүн элесин берген гүлдөрдөн турган композиция май айынын башында орнотулган
3 / 3
Аянтка агератум, сальвия жана тагетис гүлдөрү отургузулган.

Гүлдүн элесин берген гүлдөрдөн турган композиция май айынын башында орнотулган. Аянтка агератум, сальвия жана тагетис гүлдөрү отургузулган.

Каракеева Facebook социалдык тармагына эл жулуп кеткен сүрөттөрдүн тартып койду.

"15 күндө 350гө чукул ар түрдүү гүлдөрдү жулуп, таптап, бүлдүрүп кетишти. Эми ушунун кереги бар беле? Кыздар "Ала-Тоо" аянтынан жулунган гүлдөрдү белекке албагыла!", — деп жазды Каракеева.

Sputnik Кыргызстан агенттигине алар теплица менен 200 миң гүл сатып алууга келишим түзгөндүгүн жана буга беш миллион сом кетээрин айтышты. Учурда сатып алынган гүлдөрдүн 45 пайызы отургузулган.