Радио

Парханов: аймактардагы жаштарды колдоого акча бөлүнөт

Өкмөткө караштуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мирлан Парханов эми акимдер жаштарга жакшылап көңүл бурарын айтты.
Sputnik
Парханов: аймактардагы жаштарды колдоого акча бөлүнөт

Аймактардагы жаштарды колдоого акча бөлүнөт. Бул тууралуу Мирлан Парханов Sputnik Кыргызстан радиосунда "Жаштарды колдоо" темасы боюнча маек куруп жатып билдири.

Анын айтымында, быйыл жаштарды колдоого өзгөчө көңүл бурулат.

"Акимдер, айыл өкмөт башчылары өз аймагындагы жаштар менен иштөө боюнча атайын программаларын бекитет. Анан ошонун алкагында алгылыктуу иштер жасала баштайт. Мындан сырткары, аталган программаларды ишке ашыруу үчүн атайын каражат бөлүнөт", — деди Парханов.

Ал аймактарды кыдырып, жаштар менен жолугушуулар уюштурулуп жатканын кошумчалады.