Жээнбековго тике караган Тамбе, чырайлуу мушкер Барчынай. WEF жыйынынан ирмем

Кулатуу эр таймаш боюнча мелдеш эртең, 14-майда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Борбордогу маданий жайлардын биринде WEF Global 12 турнирине арналган жыйын уюштурулуп, анда мушкерлер көз караштар таймашы менен күйөрмандардын жолугушуусун өткөрдү. Бул тууралуу КРдин Кулатуу эр таймаш федерациясынан кабарлашты.

Кулатуу эр таймаш боюнча мелдеш эртең, 14-майда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт. Жалпысынан 18 беттеш каралган. 

1 / 4
Борбордогу маданий жайлардын биринде WEF Global 12 турнирине арналган жыйын уюштурулуп, анда мушкерлер көз караштар таймашы менен күйөрмандардын жолугушуусун өткөрдү
2 / 4
Кыргызстандык Илимбек Токтогулов 71 килограмм салмакта мекендеши Ринат Саякбаевге каршы чыгып WEF ProfFight наамын коргойт.
3 / 4
Барчынай Узгенбаева менен өзбекстандык Шахзода Рахимова намыс талашат.
4 / 4
WEF Global 12 турниринде Орто Азиянын жана Россиянын профессионал мушкерлери күч сынашмакчы.

Кеченин башкы беттешинде WEF уюмунун оор салмактагы чемпиону Тилек Жээнбеков менен швециялык мушкер Малик Тамбе күч сынашат.

Жээнбеков: күздө үй-бүлөм менен Америкага кетем
Ошондой эле WEF уюмунун Global лигасынын тарыхында алгачкы жолу кыздардын беттеши болот. Анда Барчынай Узгенбаева менен өзбекстандык Шахзода Рахимова намыс талашат. 

Федерациянын айтымында, Global лигасы боюнча чемпиондук кур ойнотулбайт. Бирок, кыргызстандык Илимбек Токтогулов 71 килограмм салмакта мекендеши Ринат Саякбаевге каршы чыгып WEF ProfFight наамын коргойт. 

WEF Global 12 турниринде Орто Азиянын жана Россиянын профессионал мушкерлери күч сынашмакчы.