БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 14-майда саат 10:00гө Улуттук коопсуздук комитетине суракка чакырылды. Бул тууралуу КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Белгилей кетсек, Исаков 26-апрелде дагы УКМКга "Бишкек ТЭЦин модернизациялоо" долбоорунун алкагында козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары чакырылган.
Ал сурактан чыккандан кийин журналисттерге президенттин аппаратында иштеп жүргөн учурга байланыштуу суроолор берилгенин айткан болчу.
Белгилей кетсек, Сапар Исаков 2011-жылдан 2017-жылга чейин КР президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, аппарат жетекчисинин биринчи орун басары жана аппарат жетекчиси болуп иштеген.
19-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2017-жылы жасаган ишин канааттандырарлык эмес деп таап, Исаков башында турган министрлер кабинетин отставкага кетирген.