Кенияда 78 миң жыл мурда эл жашаган үңкүр табылды

Окумуштуулардын айтымында, үңкүрдө жашагандар балык кармап эмес, ууга чыгып, мөмө-жемиш, чөп-чар жыйнап, андан азык жасап күн кечирген.
Sputnik

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Адамдын коомдогу өнүгүүсү боюнча немис институтунун окумуштуулары байыркы үңкүрдү казып, кызыктуу фактыларды тапты. Бул туурасында РИА Новости Haaretz басылмасына таянып жазды. 

Перу: курмандыкка чалынган балдар көмүлгөн ири жай табылды
Панга-я-Саиди деп аталган аймакта бир нече үңкүрлөр бар, анын узундугу миң метрге жетет. Учурда бул жайлар жээктен 15 чакырым алыстыкта жайгашкан, ал кезде кандай аймак болгону учурда изилденип жатат. Окумуштуулардын айтымында, үңкүрдө жашагандар балык кармап эмес, ууга чыгып, мөмө-жемиш, чөп-чар жыйнап, андан азык жасап күн өткөргөн.

Панга-я-Саиди аймагында табылган таш куралдарды мындан 78 миң жыл мурда жашаган адам баласы жашоосунда колдонгондугу белгиленди. Тарыхта 67 000 жыл мурда адамдар улам жакшыртылып, өнүктүрүлүп жасалган жаңы буюмдарды — жебенин учтарын, миздүү оокаттарды колдоно баштаганы айтылат. Андан 2000 жылдан кийин төө куштардын жумурткасынын жана суу түбүндөгү моллюскалардын кабыгынан мончокторду жасаганды үйрөнгөн. Дагы ошончо убакыт өткөндөн соң адам баласы сөөктөрдү кескенди өздөштүргөн.

Буга чейин Кытайдын археологдору байыркы доорго таандык 90дон ашык күмбөз тапкан маалыматы тараган.