Эскертүү! Боом капчыгайы төрт күн маал-маалы менен жабылат

Унаалар маал-маалы менен өткөрүлүп турат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Боом капчыгайындагы унаа жолу 14-майдан 18-майга чейин жабылат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.

Мэрия Бишкектин Лермонтов көчөсүнүн ремонту качан аяктарын айтты
Маалыматка ылайык, Бишкек — Нарын — Торугарт трассасынын 130 жана 300-чакырымдарында тоо боорунан таштарды кулатуу иштери саат 09.00дөн 16.00гө чейин аткарылат. Ал күндөрү унаалар маал-маалы менен өткөрүлүп турмакчы.

Жол кыймылын ИИМ өкүлдөрү көзөмөлдөйт. Министрлик жолго чыккан айдоочуларды сак болуп, жол эрежесин сактоого чакырат.