Баткен: тажик аскерлери Кыргызстандын аймагына келип жай тургундар менен чырдашты

Бул окуя боюнча тажик тарап Кыргызстандан кечирим сураган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-май. — Sputnik. Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыкты. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 12-майда күндүзү Лейлек районуна караштуу Сада айылына Тажикстандын төрт чек арачысы кирип келип, аларды тосуп чыккан жергиликтүү тургундар менен чырдаша кетишкен. 

“Тажикстандын Чек ара кызматынын төрт аскери Кыргызстандын аймагына кирип келип, ары-бери өткөн жергиликтүү тургундардын паспортун көрсөтүүсүн талап кылышкан. Буга кыжырданган эл аларга каршы чыгат. Жаңжал ушудан улам тутанган. Тургундар тажик аскерлери айдап келген унаанын ачкычын тартып алышкан”, — деп айтылат маалыматта. 

Кыргыз-өзбек чек арасында ок чыгарылбай турган болду
Жай тургундар менен Тажикстандын аскерлери бири-бири менен жулмалаша кеткени айтылат. Ал жерге Кыргызстандын чек арачылары жана Лейлек райондук милициясы барган. 

Мындай кырдаалга байланыштуу эки тараптын Чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугуп, тажик тарап кечирим сураган. Ошондой эле жаңжалга себепчи болгон жоокерлер кызматка жаңы келгендиктен өзүнүн аймагын жакшы билген эмес деп түшүндүргөн. 

Териштирүү иштери жүрүп жатат.