Жамгыр жаайт! Жекшембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 12-май — Sputnik.  Кыргызстанда 13-май күнү көпчүлүк аймактарда  жамгыр жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Бишкекте ысык суу качан өчөрү белгилүү болду
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерде 17-22 метрге чейин жетет.

Чүй өрөөнүндө 19…24 градус жылуу болсо, Нарын облусунда 18…23 градус нөлдөн жогору болору айтылды. Ош, Жалал-Абад жана Баткен дубандарында күндүн табы 24…29 градуска чейин көтөрүлмөкчү. Ысык-Көл менен Нарында 17…22 градус жылуу болот.

Бишкек менен Ош шаарларында жамгыр жаайт. Абанын температурасы борбор калаада 22…24, ал эми Ош шаарында 27…29 градуска жогорулайт.