Туристтер гепарддарга жем болуп кала жаздады. Видео

Үй-бүлө коопсуздук эрежесин бузуп унаадан сыртка чыгып алышкан.
Sputnik

Франциялык туристтер аз жерден гепарддарга жем болуп кала жаздаганын NOS маалымат порталы жазып чыкты.

Гну антилопасы арстандарды мүйүзү менен челип ыргытты. Видео
Голландиядагы Beekse Bergen паркындагы окуянын видеосу YouTube каналына тарап кеткен.

Тасмада көрүнүп тургандай, үй-бүлөнүн беш мүчөсү коопсуздук эрежесин бузуп, унаадан сыртка чыгышкан. Алгач жырткычтар адамдарга көңүл бурган эмес. Туристтер унаага отуруп, бир аз жүргөндөн кийин кайра токтоп сыртка чыгышкан. Алар машинасынан алыстаганда гепарддар кууп жетип аларга тап бере баштаган. Бактыга жараша адамдар унаага кирип кетүүгө үлгүргөн.