БИШКЕК, 12-май. — Sputnik. Ооздогу жагымсыз жыт көйгөйүнө медициналык жана психологиялык жактан караса болот. Бул тууралуу бишкектик стоматолог Салтанат Үсөнова Sputnik Кыргызстан агенттигинин окурмандарына айтып берди.
"Жашоодо жыттын мааниси өтө чоң, ал аркылуу адамды жактырып же жек көрүп калуу оңой эле. Бирок жаман жыт адамдын социалдык жашоосуна таасир этип гана тим болбостон, анын ден соолугундагы кемчиликтер тууралуу кабар берет", — деди дарыгер.
Анын айтымында, жагымсыз жыт ар кандай оорулардан улам пайда болушу мүмкүн.
Дарыгердин пикири боюнча мындай көйгөйгө кабылган адамдар ден соолугун текшертип коюудан качпашы керек.
Маалыматка караганда, жер жүзүндөгү адамдардын тең жарымынын оозунан жагымсыз жыт чыгып турат. Бирок өз жытына көнүп калгандар бул кемчиликти байкабайт.