Кикбоксчулар Юлия Борисова менен Руслан Ибрагимов WAKO чемпиону аталды

Кикбокс боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионаты 8-11 май күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Кыргызстандык Кикбоксчулар Азия чемпионатынын алкагында WAKO Pro куруна ээ болушту. Бул тууралуу кабарчы жеринен билдирди.

Мелдештин финалында Юлия Борисова 59 килограмм салмакта ирандык кызды упайдын эсебинде жеңсе, Рустам Ибрагимов да 60 килограмм салмакта ирандык спортчуну экинчи раундда техникалык нокаут менен утту.

Бүк түшүргөн соккулар… Азиянын мыкты кикбоксчулары кантип аныкталды
Кикбокс боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионаты 8-11 май күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өттү. Ага 14 өлкөнүн 200дөй спортчусу катышса, Кыргызстандын намысын 40тан ашык кикбоксчу коргоду.

Анда Кыргызстан командалык эсеп боюнча экинчи орунга татыды (24 алтын, 16 күмүш, 18 коло). Биринчи орунду 59 медаль (26 алтын, 23 күмүш, 10 коло) менен Иран, үчүнчү орунду 24 (14 алтын, 16 күмүш, 4 коло) медаль менен Тажикстан ээледи.

Мелдеште оюнчулар кикбокстун лоу-кик, фулл-контакт, К-1, кик-лайт, пойнт-файтинг, лайт-конктакт эрежелери боюнча жеңүүчү аталды.

Азия чемпионаты Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги, Азиянын кикбокс конфедерациясы (WAKO-ASIA) жана КРдин кикбокс федерациясы тарабынан уюштурулду.