Мэрия куранттын алдында көңтөрүлгөн инсталляцияны калыбына келтирди

Борбор калаадагы куранттын алдына “Мен сени сүйөм, Бишкек” деген жазуу менен коюлган инсталляцияны “Тазалык” ишканасы кайра калыбына келтирди
Катуу шамал Бишкек шаарына болгон сүйүүнү билдирген инсталляцияны оодарып кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Борбор калаадагы куранттын алдына “Мен сени сүйөм, Бишкек” деген жазуу менен коюлган инсталляцияны “Тазалык” ишканасы кайра калыбына келтирди. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди. 

У курантов ветром опрокинуло инсталляцию с признанием в любви к Бишкеку
У курантов ветром опрокинуло инсталляцию с признанием в любви к Бишкеку

Буга чейин 12-майда кечинде аталган инсталляцияны шамал көңтөрүп кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө WhatsApp канал аркылуу маалымдап, сүрөтүн жиберген.

Белгилей кетсек, мындай инсталляциялар калаанын бир нече жайларына коюлган. 

24-апрелде да катуу шамал "Ала-Тоо" аянтындагы баш тууну учуруп кеткен болчу.