БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Лермонтов көчөсүнүн Жибек Жолунан Чүй проспектисине чейинки бөлүгү (1,5 чакырымдай) күз келгенче оңдолуп бүтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.
Учурда Лермонтов көчөсүнүн Жибек Жолунан Салиевге чейинки бөлүгү жабылды. Ал жакта газ куурлары алмаштырылууда.
Бул көчө аркылуу оор жүк ташуучу автоунаалар көп жүргөндүктөн жолдун абалы начар. Акыркы жолу качан оңдоо иштери жүргөнү белгисиз. Мэрия бул тууралуу маалымат кийинчерээк берилет деп ишендирди.
Быйыл Бишкекте жалпысынан 38 чакырым жол оңдолот. Ошондой эле арыктар менен көчөнүн четиндеги тосмолор калыбына келтирилип, жол белгилер коюлат.