Бүгүндөн тарта Оштун борбордук аянты эки айга жабылды

Оңдоло турган жердин жалпы аянты 9000 чарчы метрди түзөт.
Sputnik

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Бүгүнтөн тарта Ош шаарынын борбордук аянты эки айлык мөөнөткө жабылат. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

1 / 3
Бүгүнтөн тарта Ош шаарынын борбордук аянты эки айлык мөөнөткө жабылат
2 / 3
Эки айдын ичинде шаардын негизги аянтындагы жолго толугу менен жаңыдан асфальт төшөө пландалган
3 / 3
Ошондой эле тегерек-четиндеги тосмолор, тротуарлар жаңыланат.

Эки айдын ичинде шаардын негизги аянтындагы жолго толугу менен жаңыдан асфальт төшөө пландалган. Ошондой эле тегерек-четиндеги тосмолор, тротуарлар жаңыланат.

Оңдоло турган жердин жалпы аянты 9000 чарчы метрди түзөт.