БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Жакында атактуу акындар Мукан Асаналиев жана Калчоро Көкүловдун чыгармачылыгына арналган поэзия кечеси өтөт. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.
Мукан Асаналиев КР Ардак грамотасынын, Алыкул атындагы жана "Алтын калем" адабий сыйлыктарынын ээси. Көкүлов СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, КТРКнын отличниги, Түрксой уюмунун Ардак грамотасынын ээси.
"Бир канча тилдерде чыгарма жараткан Мукан Асаналиев "Мезгил ыргактары" жана "Белек" аталышындагы китептердин автору. Асаналиев кыргыз поэзиясын англис тилинде сүйлөткөнү менен уникалдуу инсан. Ал эми Калчоро Көкүлөвдун алгачкы "Күзгү обон" ырлар жыйнагы 1982-жылы жарык көрүп, "Мезгил ыргактары", "Аптаптуу айыл" китептери басылып чыккан", — деп айтылат маалыматта.
Кече 2018-жылдын 18-майында Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында өтөт.