92 жаштагы дарыгер Малайзиянын премьер-министри болду

Махатхир Мохаммад экинчи ирет өкмөт башчы болуп шайланды.
Sputnik

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. 92 жаштагы дарыгер Махатхир Мохаммад Малайзиянын премьер-министри болду. Бул тууралуу РИА Новости өлкөнүн жергиликтүү ЖМКларына шилтеме берип жазды.

Өлкөнүн жетинчи премьер-министринин антын Мухаммад V падышасы менен султан Келентан Куала-Лумпурдагы сарайдан кабыл алышты.

​Махатхир Мохаммад экинчи ирет премьер-министр болуп шайланып, дүйнөдөгү эң кары өкмөт башчысы болуп калды. Ал биринчи жолу 1981-жылы премьер-министр болуп, 2003-жылы кызматын тапшырган.

9-май күнү Малайзияда өткөн шайлоодо Махатхир Мохаммад башында турган оппозициялык коалиция жеңишке жеткен болчу.