Кыргызстандагы Манас уулу Семетейлер жана Манас Жакыповичтер

Улуу эпостогу каармандардын атын алып жүргөн мекендештер арбын.
Sputnik

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кыргызстанда өз аты да, атасынын аты да дүйнөдөгү эң чоң эпостун каармандарыныкына окшош ысым алып жүргөн мекендештер көп. Sputnik Кыргызстан агенттиги жашы жетип, биометрикалык маалымат тапшырган шайлоочулардын тизмесин карап чыкты.

Канат, Керексиз, Кыял, Марал. Атыңыздын маанисин билесизби?
"Манас" эпосунун көлөмү жарым миллион саптан ашуун.

Кыргызстанда кеминде 10 Манас Жакыпович, бир Манас Джакыпович, анан бир Жакып уулу бар. Ошондой эле 18 Семетей Манасович жана сегиз Семетей Манас уулу жашайт. Тизмеде алардан тышкары, үч Сейтек Семетей уулу катталган.

Кыргызстандыктар дүйнөлүк кишилердин да атын ымыркайга көп ыйгарат.