Кыргызстанда коллекциялык дагы эки тыйын чыгарылды

5 жана 10 сом номиналындагы коллекциялык жаңы тыйындар күмүш жана жез-никелдин кошулмасынан жасалган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы коллекциялык эки тыйын чыгарды. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалат.

Выпуск двух коллекционных монет к 25-летию национальной валюты

5 сом номиналындагы тыйын жез-никелден жасалып, "Кыргыз республикасынын улуттук валютасына 25 жыл" деп аталат. Тыйындын бетинде 1 тыйын менен 5000 сомдук банкнотанын сүрөтү түшүрүлгөн. Экинчи бетине Кыргызстандын герби тартылып 1, 10, 50 тыйын менен 1, 3, 5, 10 сомдун сүрөтү чегилген.

Сомдун 25 жылдыгына арналып чыгарылган тыйынды 500 сомдон сатып алууга болот. Жалпысынан миң даана тыйын чыгарылган.

Экинчи тыйын "Комуз" деп аталып, "Улуттук музыкалык аспаптар" сериясына кирип, 925-пробадагы күмүштөн жасалган. 10 сом номиналындагы тыйындын салмагы 28,28 граммды түзөт.

Выпуск двух коллекционных монет к 25-летию национальной валюты

Тыйындын бир бетинде комуздун, экинчи бетинде герб жана комуз чертип жаткан кишинин элеси түшүрүлгөн. Коллекциялык тыйындарды соода-сатыкта колдонсо болот.