УКМК Кубанычбек Кулматовду суракка чакырды

Сурак бүгүн, 11-май күнү, болмокчу.
Sputnik

БИШКЕК, 11-май. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакырылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган ведомство билдирди.

Маалыматка ылайык, Кулматов УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына чакырылган. Азырынча кайсы кылмыштын алкагында суракка алынары белгисиз. Кулматов УКМКга 11-май күнү келиши керек.

Бажы кызматынын жетекчиси менен байланышууга мүмкүн болгон жок.