Ким Чен Ын менен Трамп качан кайда жолуга турганы такталды

АКШ президенти Түндүк Кореянын лидери менен жолукканга чейин Түштүк Кореянын президенти менен кездешет.
Sputnik

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Сингапурда жолугат. Бул тууралуу Трамп социалдык тармактагы баракчасына жазганын РИА Новости кабарлады.

Президент Родриго Дутерте: Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менин кумирим
Трамтын айтымында, өлкө башчылар 12-июнда жолугушат. Ал буга чейин Түндүк жана Түштүк Кореянын демилитаризацияланган аймагында саммит өтөт деген маалыматты четке каккан. 22-майда болсо Трамп Вашингтондо Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен жолукмакчы.

Ак үйдүн өкүлдөрү Сингапур нейтралдуу жана туруктуу болгондуктан тандалганын айтышты. Жолугушуу канчага чейин созулары сүйлөшүүнүн жүрүшүнөн көз каранды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео эки жолу Түндүк Кореяда болуп, Ким Чен Ын менен да жолуккан. Пхеньяндагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки жыл камакта жаткан теги корей болгон Американын үч жараны бошотулган. Алар мамлекеттик катчы менен чогуу АКШга кайтып келген.