Радио

Сарбагышев: волейбол боюнча Азия биринчилигине жаңыланган курам менен бардык

КРдин волейбол федерациясынын башкы катчысы Кылыч Сарбагышев командага атайын жаш балдар кошулгандыгын айтты.
Sputnik
Сарбагышев: волейбол боюнча Азия биринчилигине жаңыланган курам менен бардык

Волейбол боюнча Азия биринчилигине жаңыланган курам менен бардык. Себеби жаш спортчулардын күчүн сынап, байкап көрөлү дедик. Бул тууралуу Кылыч Сарбагышев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы үчүнчү жолу өтүп жаткан Азиянын аймактык чемпионатында коло медаль тагынды. 

"Бангладеште өткөн Азия биринчилигинде волейбол боюнча улуттук курам жакшы оюн көрсөттү. Даярдык дагы мыкты болчу. Негизи биз сынап, байкап көрүү максатында курамга жаш балдарды кошуп барганбыз. Былтыр Азия биринчилигинде алтын тагынган 3-4 бала барган жок. Алардын ордун башка жаш спортчулар толуктады. Албетте биринчи орунду деле алууга жакшы мүмкүнчүлүк бар эле, бирок буйрук экен үчүнчүгө илиндик", — деди Сарбагышев.

Ал ошондой эле спортчулар жакшы тажрыйба топтоп келгендигин кошумчалады.