Радио

Арзыматов: Кыргызстанда биринчи жолу юристтердин эл аралык форуму өтөт

Юристтер ассоциациясынын жетекчиси Жеңиш Арзыматов ассоциациянын башкы максаты юристтердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу экендигин айтты.
Sputnik
Арзыматов: Кыргызстанда биринчи жолу юристтердин эл аралык форуму өтөт

Кыргызстанда биринчи жолу юристтердин эл аралык форуму өтөт. Ага Европа мамлекеттеринен, Россиядан, дагы көптөгөн башка өлкөлөрдөн юристтердин келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Жеңиш Арзыматов Sputnik Кыргызстан радиосунда 10-май күнкү таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, форумдун башкы максаты — Кыргызстанды укуктук өлкөгө айландыруу үчүн юристтерге аянтча тузүп берүү.

"Биздин ассоциацияга мүчө юристтер көптөн бери ушундай бир иш-чара өткөрсөк деп ойлоп жүргөнбүз. Планыбызды ишке ашырып, ушул жылдын 5-6-июлунда форумду өткөрөлү деп турабыз. Кыргыз юриспруденциясында мындай форум алгачкы жолу уюштурулууда. Биз чет элден да белгилүү адвокаттарды, сотторду, окумуштууларды чакырганга аракеттенип жатабыз", —деди Арзыматов.

Ал ошондой эле юристтер ассоциациясына жогорку билимдүү бардык юристтер мүчө боло аларын, учурда жаңы бүткөн студенттен баштап тажрыйбалуу сотторго чейин мүчөлүктө бар экенин кошумчалады.