Азаматтар! Кикбоксчулар Касымбеков менен Аманбеков Азия чемпиону болушту

Эки спортчу тең дүйнө чемпиону болгондуктан мелдешти дароо финалдан баштап, кикбокстун лоу-кик бөлүгүндө чемпион аталышты.
Sputnik

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Кыргызстандык кикбоксчулар Улан Касымбеков менен Авазбек Аманбеков Азия чемпионатында алтын медалга ээ болушту. Бул тууралуу маалыматты спортчулар өздөрү тастыктады.

Чемпион мира по кикбоксингу, кыргызстанец Улан Касымбеков

Эки спортчу тең дүйнө чемпиону болгондуктан мелдешти дароо финалдан баштап, кикбокстун лоу-кик (бут менен көбүрөөк иштөө. — ред.) бөлүгүндө чемпион аталышты.

Узгенбаева WEF Global турнириндеги кыздардын алгачкы беттешине чыгат
Касымбеков 54 килограмм салмак ченинде индиялык мушкер Сушим Кумарды беттештин экинчи раундунда хай-кик (бут менен сокку узатуу — ред.) ыкмасы менен жеңсе, Аманбеков 57 килограмм салмак категориясында ирактык Жасим Алмиртаханы упайдын эсебинду утту.

Улан Касымбеков — Азиянын үч жолку чемпиону (2012, 2015, 2018), дүйнө чемпиону (2015), дүйнө кубогунун эки жолку ээси (2012, 2014). Спорттон тыш ырчылык менен алектенет.

Авазбек Аманбеков — Азиянын эки жолку чемпиону (2017, 2018), Азия оюндарынын чемпиону (2017), дүйнө чемпиону (2013-жыл). Улуттук гвардиянын лейтенанты.