БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында жарыктандырылган жол чийиндер пайда болгонун Чүй облустук ЖКККББнын маалымат катчысы Тимур Мирсадык уулу билдирди.
"Бул азырынча Бишкек — Ош жолундагы жарыктандырылган жалгыз жол чийин. Жарык орнотуунун негизги себеби түн ичинде жолдо адам өтүп бара жатканын айдоочуларга так көрсөтүп, кырсыктарды алдын алуу", — деди Мирсадык уулу.
Жарыктандыруу иштери Сокулук айыл өкмөтү жана Чүй облустук ЖКККБ менен биргеликте ишке ашты.
Келечекте Бишкек — Ош жолуна ушул сыяктуу жол чийиндерди көбөйтүү пландалып жатат.
Баса, дал ушундай өзгөчө жол белги Балыкчы шаарына март айында коюлган.