Жеңиш майрамында жүздөгөн жуп өчпөс оттун жанында чимириле вальс бийледи. Видео

Жеңиштин 73 жылдыгына карата борбор калаадагы 15 университеттин студенттери вальс бийлешти.
Sputnik

Бийди ойдогудай аткаруу үчүн бир нече ай даярдык көрүлгөнүн "Евразиялыктар — жаңы толкун" фондунун директорунун орун басары Денис Бердаков билдирди.

"Жаштар акцияга жоопкерчилик менен даярданышты. Ар бир даярдыкка улам жаңылары келип кошулуп жатты. Жеңиш күнү биз үчүн өзгөчө майрам. Бул бий менен Кыргызстандын жаштары жаркын келечек тартуулагандарга ыраазычылык билдирди", — деди ал.

Быйыл бул акция төртүнчү жолу өтүүдө. Вальсты бийлөөгө кандай даярдыктар көрүлгөнүн сөзсүз түрдө көрүңүз.