Кыргызстандык студент Түркиядагы телешоуда 7000 доллар утуп алды. Видео

Кыргызстандык кыз катышкан интеллектуалдык көрсөтүүнүн чыгарылышын ATV түрк каналы ушул дүйшөмбү күнү көрсөткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Кыргызстандык Евгения Кривенко Түркиядагы "Миллионер болгуң келеби?" аттуу интеллектуалдык теле программанын коногу болгонун Haberler.com басылмасы маалымдады.

Кыргызстандык кыз катышкан интеллектуалдык көрсөтүүнүн чыгарылышын ATV түрк каналы ушул дүйшөмбү күнү көрсөткөн. (34-мүнөттө башталат)

"Ал 9-суроого чейин жеткен. Андан кийинки суроонун так жообун билбей койгондуктан уткан суммасын алып кетүүнү чечкен", — деп жазылат маалыматта.

Басылманын билдирүүсүнө ылайык, башында 15 миң лира алууну максат кылган кыз, көрүүчүлөрдү 30 миң лира (7 миң доллар) утуп таң калтырган.

Маалым болгондой, Кривенко Измир шаарында "Тогузунчу сентябрь" университетинде магистратурада окуйт. Ал утуп алган акчасына Кыргызстанда жашаган ата-энесине Түркияны көрсөтөрүн айткан.