Акцияны өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков баштап баратат.
Чогулган эл Байтик Баатыр — Абдрахманов көчөсү менен басып, жөө жүрүштү Жеңиш аянтында жыйынтыкташат. Маршруттун узундугу 6,6 чакырымды түзүп, акция былтыркыдай 10.00дө башталмакчы.
Катышуучуларды тез жардам борборунун тобу коштоп жүрөт. Эске салсак, "Өлбөс полк" акциясы Бишкек шаарында ушуну менен бешинчи жолу өтүп жатат. 2017-жылы ага 30 миң адам катышса, быйыл 50 миң катышуучу жөө жүрүшкө чыгарын уюштуруучулар айтышууда.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары учурда эл чогулган жерде. Эгер сиздерде түз эфирди көрүүгө мүмкүнчүлүк жок болсо, "Өлбөс полк" акциясы кандай өтүп жатканын тексттик трансляциядан окуй аласыздар. Тексттик трансляция улам жаңыланып жаңы сүрөт, видеолор менен толукталып турмакчы.