Радио

Жээнбеков: өлбөс полкко согушта дайынсыз жоголгон чоң атамдын сүрөтүн алып чыктым

Өлкө башчысы анын иниси да чоң атасынын эки уулунун сүрөтүн көтөрүп чыкканын айтып, согушка бир үйдөн үч адам барганын билдирди.
Sputnik
Жээнбеков: өлбөс полкко согушта дайынсыз жоголгон чоң атамдын сүрөтүн алып чыктым

Өлбөс полкко согушта дайынсыз жоголгон чоң атамдын сүрөтүн алып чыктым. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков акция учурунда сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталардын эрдиги эч качан унутулбайт.

"Аталарыбыз мекен үчүн кырчындай өмүрүн аябастан душмандарды жеңген. Чоң аталарыбыздын эрдиктерин урпактары эч качан унутпайт. Бүгүнкү жүрүш ошого далил болуп турат. Мен дагы Жээнбек Пирназаров чоң атамдын сүрөтүн алып чыктым. Иним болсо анын эки уулунун сүрөтүн көтөрүп бара жатат", — деди президент.

Ал чоң атасы согушка кеткен бойдон дайынсыз болгонун, анын эки уулу болсо жарадар болуп кайтканын кошумчалады.