Көчөгө батпай агылган эл. Бишкектеги "Өлбөс полктун" өзгөчө сүрөттөрү

Sputnik

ИИМ: Бишкекте "Өлбөс полк" жөө жүрүшүнө 45 миң адам чыкты
Борбор калаада эртең менен "Өлбөс полктун" жөө жүрүшү болуп, ага 45 миңдей киши катышты.

Акцияга чыккандар дээрлик эки чакырымга чейин созулду. Президент Сооронбай Жээнбеков дагы акцияга катышып, колуна чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун портретин көтөрүп чыкты. Ал согуш учурунда дайынсыз жоголгон.

Жөө жүрүш Жеңиш аянтында аяктап, өчпөс отко гүл чамбар коюлду.

1 / 12
Бишкектин көчөсүнө батпаган эл
2 / 12
"Өлбөс полк" жөө жүрүшүнө кары-жашы дебей катышты
3 / 12
Президент Сооронбай Жээнбеков дагы акцияга катышып, колуна чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун портретин көтөрүп алган. Ал согуш учурунда дайынсыз жоголгон
4 / 12
Майрамдын көркүн ардагерлер чыгарды. Жаркылдап күнгө чагылышкан медалдар
5 / 12
Акциянын айрым катышуучулары согуш учурундагы кийимдерди кийип алышкан
6 / 12
Жөө жүрүшкө чыккандар Кыргызстандын желегин дагы көтөрүп алышты
7 / 12
Алар ураалап кыйкырышты
8 / 12
Жүрүшкө чыккандар эки чакырымга дейре созулду
9 / 12
Эл менен чогуу автоунаалар да чыкты
10 / 12
Жөө жүрүшкө чыккандар эки жарым сааттан кийин Жеңиш паркына кирип келишти
11 / 12
Өчпөс отко гүл чамбарлар коюлду
12 / 12
ИИМдин берген маалыматы боюнча жөө жүрүшкө 40 миңдей киши чыккан