Бишкекте өрт өчүрүү боюнча ири турнир өтөт

Иш-чара 12-майга пландалган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Борбор калаада өрт өчүрүү боюнча ири турнир уюштурулат. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара 12-майга пландалган. Анда "Газпром Кыргызстан" ишканасынан алты команда ат салышат.

"Мындай масштабдагы мелдеш Кыргызстанда алгачкы жолу болмокчу. Иш-чарага катышкан командалар өрттү өчүрүүгө канчалык деңгээлде даяр экендиктерин көрсөтүшөт", — деп билдирмеде жазылат.

Мелдештин катышуучуларын ӨКМдин кызматкерлери көзөмөлдөп, тийиштүү тапшырмаларды берип турмакчы.