Бейшембиге карата аба ырайы

Өлкө аймагында күн ачык болот.
Sputnik

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Бейшемби күнү, 10-майда, Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Чүй менен Талас облусунда түндө 8…13 градус жылуу болсо, күндүз 25…31 градуска чейин ысыйт.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында түндө 10…15 градус жылуу болуп, күндүз күндүн табы 27…32 градуска чейин көтөрүлөт.

Ысык-Көлдө түндө 3…8 градус жылуу болуп, күндүз 17…22 градуска чейин ысыйт. Ал эми Нарында түндө 2…7 градус жылуу болсо, күндүз абанын температурасы 18…23 градуска чейин жогорулайт.

Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болот. Түндө Бишкекте 9…11 градус жылуу болсо, Ошто 13…15 градуска чейин жылыйт. Күндүз эки шаарда тең 28…30 градуска дейре ысыйт.