Баткенде мас болуп чуу салган 685 киши жазаланды

Кармалгандарга административдик протокол толтурулуп, тийиштүү чаралар көрүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Баткен облусунун Кайгуул күзөт кызматы жыл башынан бери коомдук жайларда мас абалында укук бузган 685 жаранды, майда бейбаштык аракеттерди жасаган эки атуулду кармады. Бул туурасында облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Мас болуп жумуштан алынып, кайра ордуна келген милиционер тапанчасын жоготуп ийди
Билдирүүдө кармалгандарга административдик протокол толтурулуп, тийиштүү чаралар көрүлгөнү айтылат.

Мындан сырткары, Кайгуул күзөтчүлөр милиция кызматкерлери менен биргеликте 35 кылмыштын бетин ачууга көмөк көрсөтүшкөн. Ал эми 5-февралда Исфананын 2-кичи районундагы турак жайды атайлап өрттөөгө шектелген кишини кармап беришкен.

Кайгуул күзөт кызматы облустун район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүндө коомдун коопсуздугун жана ички тартипти сактоо максатында профилактикалык иштерди жүргүзөт.