Жашы 75тен ашкан кишилердин өзүнчө атайын 6 волейбол клубу бар. Бул тууралуу Кылыч Сарбагышев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, ал аксакалдар топсуз жашай албайт.
"Бизде 75 жаштан ашкан кишилерден атайын 5-6 клубу бар. Анда ойногондордун көпчүлүгүн 75 жаштан жогорку аксакалдар түзөт. Бул кишилер топсуз жашай албайт. Ошондуктан жумасына залга эки жолу келип, туура жашоо образында жашоого аракет жасашат", — деди Сарбагышев.
Ал, мындан сырткары, волойбол боюнча энелер клубу да бар экенин кошумчалады.