Абайлагыла! Хакерлер смартфонду 2 мүнөттүн ичинде бузганды өздөштүрүштү

Атайын программа мобилдик браузер менен JavaScript программалоо тилин колдонгон учурда смартфонду бузуп кирүүгө мүмкүндүк берет.
Sputnik

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Хакерлер эми эки мүнөттө эле Android платформасындагы телефондорду бузганды өздөштүрүштү. Бул тууралуу "Известия" басылмасы билдирди.

WhatsApp аркылуу тараган кара чекитти басканда телефон иштебей калууда
Хакерлердин жаңы үйрөнгөн ыкмасы тууралуу Амстердамдын эркин университетинин VUSec эксперттердин изилдөө тобунун билдирүүсүндө айтылат.

Эксперимент түрдүү маркадагы үч телефонго жүргүзүлүп, хакерлер аппараттын Rowhammer программалык камсыздоосунун алсыз жерлерин таап, телефонду бузган. Атайын программа мобилдик браузер менен JavaScript программалоо тилин колдонгон учурда смартфонду бузуп кирүүгө мүмкүндүк берген.

Зыян берүүчү код смартфондун микроархитектурасын бузуп, хакерлер бардык маалымат сакталган бөлүмгө кире алары белгилүү болду.