"Орто-Сай" базарындагы бизнес борбор кантип күйдү. Фоторепортаж

Sputnik

Шейшембиде "Орто-Сай" базарынын аймагында орун алган "Каухар" бизнес борборунда өрт чыккан. Жеринде өрт өчүрүүчү үч унаа иштеди. Анын бири автошаты экени айтылды. ӨКМдин алдын ала маалыматына караганда, жабыр тарткандар болгон жок.

Аталган борбор Сүйөркулов көчөсүндө жайгашкан.

1 / 11
"Орто-Сай" базарынын аймагында орун алган "Каухар" бизнес борбору
2 / 11
Өрт тууралуу маалымат тиешелүү органдарга саат 11.32де түшкөн
3 / 11
Өрттү өчүрүү үчүн үч унаа иштеди
4 / 11
Милиция бизнес борборду курчоого алды
5 / 11
Өрт өчүрүүчүлөр гидранттан суу алышты
6 / 11
Алдын ала маалыматтарга караганда, имараттын 5-кабатынын 80 пайызы күйүп кеткен
7 / 11
Өрт жалмаган жердин аянты 130 чарчы метрге жетти
8 / 11
Өрт төртүнчү жана бешинчи кабаттардын ортосунан чыккан
9 / 11
Жеринде милиция дагы иштеди
10 / 11
Окуя болгон жерде тез жардам кызматкерлери нөөмөттө турду
11 / 11
Өрт толугу менен саат 13.10де өчүрүлдү