ӨКМдин Октябрь райондук бөлүмүнүн начальниги Нурбек Самсалиевдин айтымында, өрт имараттын бешинчи кабатынан чыккан.
"Окуя болгон жерге Октябрь райондук башкармалыгынан жалпы эки бөлүм жөнөп кеткен. Кийин кошумча бир авто шаты менен атайын техника тартылды. Жалын бешинчи кабат менен чатырдын ортосунан башталган. Жабыркагандар жок", — деди Самсалиев.
Өрт саат 12.27де чектелип, 13.10до толугу менен өчүрүлгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча бизнес борбордун бешинчи кабатында жайгашкан медициналык борбордун 130 чарчы метри күйүп кеткен.