Көптөр Жаш көрүүчүлөр театрынын дарегин билишпейт. Бул тууралуу Жолдошбек Жанжигит уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анткен менен театр директору акыркы жылдары көрүүчүлөр көбөйүп жаткандыгын баса белгиледи.
"Ачыгын айтканда Бакен Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрына чакырсак көпчүлүгү дарегин билишпейт. Анан жаныбыздагы футбол аянтчасын айтсак дароо билип, ошонун жардамы менен гана таап келишет. Ушундан улам жарнамаларды берип, жолду көрсөтүп жатабыз", — деди ал.
Актер театрга көбүнесе окуучулар менен студенттер келерин кошумчалады.