"Каухар" бизнес борборундагы өрт өчүрүлдү

Алдын ала маалымат боюнча кырсыктан каза тапкандар жана жабыркагандар болгон жок.
Sputnik

БИШКЕК, 8-май. — Sputnik. Бишкектеги "Орто-Сай" базарындагы "Каухар" соода борборунда чыккан өрт саат 13.10до толук өчүрүлгөнүн ӨКМ билдирди.

Эскерте кетсек, өрт тууралуу маалымат саат 11.32де түшкөн. Бир саатка жетпеген убакытта чектөөгө алынган.

"Өрттөн болжол менен имарат чатырынын 130 чарчы метри күйдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча кырсыктан каза тапкандар жана жабыркагандар болгон жок.