Пресс-борбор

Улуттук валютаны түзүүчүлөрдүн бири Карим Уразбаев менен окуучулардын жолугушуусу

Иш-чара 10-майда саат 12:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.
Sputnik

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди Улуттук валютаны түзүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Карим Уразбаев менен окуучулардын жолугушуусуна чакырабыз.

Иш-чара SputnikBilim билим берүү долбоорунун алкагында 10-майда саат 12:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Өлкөдө 10-май улуттук валютанын кабыл алынган күнү катары белгиленет. Карим Уразбаев окуучуларга Кыргызстандын банкнотасын түзүү муктаждыгы эмнеден улам келип чыкканын, ошондой эле сомду жүгүртүүгө чыгарууда кандай кыйынчылыктар болгонун айтып берет.

Катышуучулар:

Карим УРАЗБАЕВ — Улуттук валютаны түзүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

Катталуу үчүн +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондоруна чалыңыз.

Sputnik Кыргызстан агенттигинде боло турчу маалымат жыйындары, чогулуштар тууралуу маалымат алып турам десеңиз a.valiev@sputniknews.com электрондук дарегине жазып коюңуз.