Бишкектеги "Каухар" бизнес борборунан чыккан өрттүн видеосу

Өрттү ӨКМдин эки унаасы өчүрүүдө.
Sputnik

Бишкек шаарынын "Орто-Сай" базарынын жанындагы "Каухар" бизнес борбору күйүп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирип, видеосун жиберди.

Кырсык тууралуу маалыматты ӨКМден дагы тастыкташты.

"Өрттү өчүрүүгө саат 11.33тө бир бөлүм, 11.50дө экинчи бөлүм тартылды. Ошондой эле бир автошаты алынды", — дешти министрликтен.

Мындан тышкары, жерине ИИМ кызматкерлери тартылган. Кошумча маалымат берилет.